БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде коюлган режиссер Марат Козукеевдин "Саманчынын жолу" спектаклинин бет ачары өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Жаңы чыгарма Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында үстүбүздөгү жылдын 10-февралында тартууланат.
Маалыматка ылайык, спектаклдин башкы ролунда КР Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева экени айтылууда.
Бет ачар саат 18.00дө башталат.