БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ Кыргызстан боюнча өрт кырсыгынан эки адамдын каза болгон учуру катталганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунда үйдүн полу, дубалы өрттөнүп, натыйжада үй ээси 64 жаштагы Юрий Ломатин түтүнгө ууланып өлгөн.
Ал эми Ош шаарынын Аджалов көчөсүндөгү турак жайдын өрттөнүүсүнөн үй ээсинин тууганы 53 жаштагы Сардалбек Досматовдун күйүп калган денеси табылган.
Министрликтин айтымында, учурда эки кырсыктын чоо-жай такталып жатат.
Өткөн ишемби жана жекшемби күндөрү Кыргызстанда боюнча 21 өрт кырсыгы катталганы айтылууда.