БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында күрмөсүнүн ичине 13 килограмм марихуана катып жүргөн жаран кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 42 жаштагы жаран буга чейин бир нече ирет соттолуп чыккан ушул айылдын тургуну экени аныкталган. Ал баңгизатты эки капка шыкай толтуруп, аны күрмөсүнүн ичине катып алган.
© пресс-служба МВД КРОбнаруженный у гражданина оперативниками 13 кг. наркотического вещества (марихуана).
Обнаруженный у гражданина оперативниками 13 кг. наркотического вещества (марихуана).
© пресс-служба МВД КР
Учурда кармалган адам Ысык-Көл РИИБ тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, ал жерден кылмыш иши козголду.
Жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.