БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынан жанында баңгизат алып жүргөн Чүйдүн 23 жаштагы тургуну кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда аталган жарандан баңгизат табылып, экспертизанын жыйынтыгы менен анын 412 грамм өлчөмүндөгү марихуана экени аныкталган.
Учурда кармалган жаранга карата кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып, иликтөө иштери улантылып жатат.