БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 54 жаштагы кишини үйүнөн сабап өлтүргөн 27 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
2-январда болжол менен кечки саат 7.00лер чамасында Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Абдымомунов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде белгисиз бирөөлөр кишини сабап кеткени боюнча билдирүү түшкөн.
Милиция окуя болгон жерге келип, токмок жеген 54 жаштагы Юрий аттуу жаранды Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткирген. 11-январда таяк жеген киши эсине келбей каза болгон.
Ыкчам жүргүзүлгөн тергөө аракеттери маалында маркум таанышына бир бөлмөсүн ижарага берип жүргөнү аныкталган. Жаңы жыл алдында анын үйүнө Нургазы аттуу досу келип, арак ичишкен. Батир жалдаган киши досу Нургазыны Юрий менен таштап кеткен. Алар арак ичип отуруп, чыр чыгып, мушташа кетип, Юрийди сабап салган.
Аталган окуяга шектүү катары 27 жаштагы Жалал-Абад облусунун Нургазы аттуу тургуну кармалган. Милиция ал жасагандарын мойнуна алгандыгын билдирди.