БИШКЕК, 11-янв — Sputnik. Ичип алгандар үйдөн чыккан өрттөн аман калышты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматтарда, өрт чыккан 51 чарчы метрдик квартира Шота Руставели атындагы көчөдөгү үйдө жайгашкан.
Батирде болгон Камчыбек аттуу 27 жаштагы кишинин денесинин 35 пайызы, ал эми Асел аттуу кожойкенин бети жана сол колу күйгөн.
Маалыматка караганда, алар мас болгон. Жалында калгандар куткарылып, Ош облустук шаардык ооруканага жеткирилген.