БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн кар жаабайт, күн +9 градуска чейин жылый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, түштүк батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 7 метрге чейин жетет.
Ал эми өлкө аймагында дагы кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Кыргызгидромет билдиргендей, республика аймагында күндүз Нарын облусунан башка аймакта жылуу болот. Нарында күндүз —12 градус суук болот.