БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында милицияга түшкөн 46 жаштагы жарандын жанынан баңгизат табылганы ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, экспертиза аталган баңгизаттын эки килограммдан ашуун марихуана экенин аныктаган.
Ошол эле күнү Лейлек районундагы Сүлүктү шаарында кылмыш ишин иликтөө учурунда 62 жаштагы тургундун жанын пакетке салынган 125 грамм марихуана заты табылган.
Учурда бул иштер боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.