БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксер Айбек Дүйшөмбиев кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатынын фулл-контакт бөлүмү боюнча коло байге тагынды. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Беттеш 21-29-ноябрь ичинде Дублин шаарында өтүп, мелдешке Кыргызстандын атынан төрт мушкер катышкан.
Дүйшөмбиев биринчи беттеште Польшадан келген мушкерди утуп, экинчи беттеште Мексикалык спортчуну жеңип алган. Бирок, жарым финалда россиялык спортчу оюнду андан ары уланталбай калган. Ошентип оюндун жыйынтыгы менен үчүнчү орун кыргызстандыктын бактысына жазылды.
Кыргызстандан барган башка мушкерлер ийгилик жарата алган жок. Дүйшөмбиев 2013-жылы Антальяда (Түркия) өткөн кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатында дагы коло байгеге ээ болгон.