Өткөн жуманын аягында кыргызстандык Уланбек Касымбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн 54 килограммга чейинки салмак ченинде кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Жеңишке карай жол, көчө мушташы, машыктыруучусу жана апасы тууралуу Sputnik агенттигине чемпион өзү айтып берди.
— Уланбек, жеңиш кандай сезимдерди жаратты?
— Мен деле марокколук атаандашым сыяктуу ыйладым, бирок менин көз жашым сүйүнүчтөн улам акты. Эч кимге көргөзбөгөнгө аракет кылдым. Атаандашым кармана алган жок. Акыркы беттешүү мен үчүн абдан оор болду, анткени Иссам Баугадир өтө күчтүү спортчу. Бирок, натыйжада мен чемпион болдум.
— Кандайдыр бир кемчиликтер болгондур?
— Командадагы досторум беттешүүнүн кайсы бир учурунда Богаудир мени өлтүрүп коет экен деп ойлошуптур. Алгач көп ката кетирдим, бирок калыбыма келип, уруштун сапатын жакшыртып кеттим окшойт. Менин өзгөчөлүгүм — өтө кыймылдуумун, мелдешти өзүмдүн ыгыма карап өткөрүүгө аракет кылам. Башталышында жеңиле тургандай болуп, атаандашымды чарчатып туруп жеңип алам.
— Кайда жүрүп кикбоксингге жолугуп калдыңыз эле?
— Машыктыруучуңуз менен мамилеңиз кандай?
— Абдан жылуу мамиледебиз. Ал мага атамдан кийинки эле атам болуп калды. Биз анын үй-бүлөсү үчүн өз балдарындай элебиз. Дайыма камкордук көрүп келишет.
— Сиздин үй-бүлөңүз кесибиңизге кандай карайт? Дайыма эле көк-ала болуп жүрүү оңой эмес болсо керек…
— Алгач апам аябай нааразы болуп, мени аяп жүрдү. Кийинчерээк баары көнүп кетишти. Менден кичүүлөрү мага окшошкулары келип аракет кылышат. Бир иним шаарга келип машыгууга ниеттенип жатат.
— Кийинки кадамдарыңыз кандай болот?
— Аябай чарчадым. Эс алам. Чемпионаттын алдында арыктоого туура келди. Анан, албетте, кийинки мелдештерге даярдануу керек. Башкысы — келечегим алдыда экенине ишеним күч!