БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Буга чейин эгемендүү Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы Насирдин Исановдун мыкты жетекчилик сапаттары, анан да табышмактуу өлүмү туурасында далай ирет жазылып, айтылып келген. Sputnik бүгүн Исановду эл сүймөнчүлүгүнө айланган жетекчи, мезгилинен эрте мерт болгон мамлекеттик ишмер катары эскерүүнү эп көрдү.
Бирок кыргыз коому, замандаштары тилекке каршы, анын туңгуч премьерликке чейин көп иштерди жасап, ал эми өкмөт башчылылыгына, бирок вазийпасын аткарууга жетишпей калгандыгын айтышат.
Кептин арбыны, түкшүмөлдөрдүн бардыгы — 1991-жылы, 29-ноябрда өкмөт башчы Исановдун түштүккө пландалбаган сапары менен бара жатып, каза болгон окуяга такалат.
Расмий маалыматтарда 1991-жылы 29-ноябрда Ош — Жалал-Абад кан жолунда Исанов, "Камеко" компаниясын Кыргызстанга алып келген чет элдик жаран Борис Бирштейн, анын жан сакчысы жана Санжар Айтматов отурган "Волга" автоунаасы кырсыкка кабылып, алардын ичинен жалгыз Исанов жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бирок бул окуянын чоо-жайы азыркыга чейин белгисиз калып, туңгуч премьердин үй-бүлөсү эмдигиче толук маалымат ала албай келет.
Ошол кездеги бийлик бул жагдайда коомчулукту ынандыра турган аргументтерин айта алган эмес.
"Насирдин Исановдун өлүмү күмөн санатып, ушул күнгө чейин табышмактуу болуп келе жатпайбы. Бул иштин баарын аягына чыгарып, ачык-айкын айтып, коомчулукка жеткирген аргументтер, так далилдер болгон жок", — деген буга чейин Sputnik агенттигине коомдук ишмер Жыпар Жекшеев.
Ал эми Исановдун кызы Мария Исанова атасынын табышмактуу өлүмү боюнча бардыгын тарыхтын кийинки адилеттигине койгондугун айтат.
“Былтыр, атамдын (Насирдин Исанов – ред.) 70 жылдык юбилейинде кырсыктуу окуя кандайча болгонун, кимдердин катышы бар экенин кайра иликтөө туурасына үй-бүлөдө сөз кылган элек. Бирок апам бул маселени көтөрбөөнү суранып, токтотуп койду. Ал чындык ачыкка чыгып, адилеттик болоруна көзү жетпей тургандыгын айтты. Андан сырткары, балдарынын, неберелеринин коопсуздугун ойлоду окшойт. Ошол боюнча апамдын сөзүн эки кыла алган жокпуз", — деди Мария Исанова.
Бул маселе 24 жыл өтсө да, табышмак. Бирок анын учугун эл, коомчулук түшүнүп турат деген пикирин кошумчалап, балким, чындыкты анын неберелери, кийинки муундары сурап алат деген ойдо.
"Атам каза болгондо 23 жашта элем, андан бери ошончо эле убакыт — 24 жыл өтүптүр. Ал туңгуч небересин көрбөй кетти, атам 29-ноябрда кырсыкка кабылса, мен андан туптуура бир айдан кийин, 30-декабрда уул төрөдүм. Көзү тирүү кезинде өзү ылайыктап жүргөн Алымбек деген ысымды ыйгардык. Эми биз таппаган чындыкты дагы бир нече ондогон жылдардан кийин, балким, неберелери алып чыгаттыр деген ойлор келе берет", — дейт Мария Исанова.
"Исанов башка жетекчилерден жердешчиликти байкаса, дароо иренжип калчу"
Исанов менен Москвадагы жогорку окуу жайда 5,5 жыл чогуу жашап, чогуу билим алып, кийин өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин үй-бүлөлүк катышта жүргөн ардагер курулушчу Аскар Молдобаев төмөнкүчө эскерди.
"Көп жыл чогуу иштедик. Насирдин Исанов ушунчалык тыкан, акылы бийик, техникалык илимдерден, өзгөчө математика жагынан күчтүү болучу. Катуу берилип иштеген, кесипкөй, ишти көзүн таба билген адам эле. Кийин саясий жетекчилик кызматтарда иштеди да. Белгилей кете турган мыкты сапаттарынын бири — жердешчиликти, регионго бөлүнүүчүлүктү ушундай жерийт эле. Андайды көрсө, абдан иренжип кетчү. Кыргызды бир бүтүндүккө бириктирүүгө умтулуп турар эле,"— деди Молдобаев.
Анын үзөңгүлөш жолдошу, эгерде көзү тирүү болгондо, өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан алдыга жылышы үчүн бир топ иштерди жасамактыгын, себеби, тууган-туушканчылыкты билбеген, эң башкысы, тажрыйбалуу жетекчи болгондугун эскерди.
"Ошол кезде Аскар Акаевичке республиканы көтөрүүгө бир топ жардамын бермек. Президенттин айланасында ар кандай кишилер көбөйүп кетпеди беле. Аларга караганда Насирдин түз-жүргөн, өзү үчүн эмес, өлкө үчүн иш кылалы деп ниеттенген, анан калса, тажрыйбасы арбын адам болчу. Өкмөт башчы кызматынын таасири анча жоктугун, президенттики күчтүү болгонун эске алганда да, Насирдин Акаевге президенттик ишин түз алып кеткенге жакшы жардамчы болмок", — дейт Молдобаев.
Насирдин Исанов 1991-жылы январь айында өкмөт башчылыгына шайланып, тогуз айдан кийин, 29-ноябрда 48 жашында авто кырсыктан көз жумган.