00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Цифровизация АПК: что меняется для фермеров и экспортеров Кыргызстана
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Зергерлер салыктан бошотулду — эми көмүскө экономикадан чыгуу мүмкүнбү?
13:05
33 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Центральная Азия под прицелом: чем опасна политика США для соседей
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Коргоо ордери: балага кандай учурда берилет жана ким кайрылат?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как Национальная олимпиада для школьников формирует кадровую базу будущего
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Дүйнөдөгү мунайдын атаандашы сейрек кездешүүчү металдар: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн запастары жана мүмкүнчүлүктөрү
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие задачи стоят перед Кыргызстаном во время председательства в ШОС
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Что такое домогательство и как теперь его будет определять закон?
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Коргоо ордери: балага кандай учурда берилет жана ким кайрылат?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Уздугу көз талдырган, келини кыйын кыргыздын

© фото предоставлено Каныкей КозубаевойБазардагы улуттук кийимдер. Архив
Базардагы улуттук кийимдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын 19-ноябрь Айымдардын эл аралык ишкердүүлүк күнү катары белгиленип келет.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы ишкер айым Каныкей Козубаева 10 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенет. Ал башында күнүмдүк кийимдерди, мектеп формасын жана дарыгерлердин халатын тиккен. Бирок, алардын кээси өтпөй, чыгым алып келгендиктен акыркы жылдары жалаң улуттук үлгүдөгү кийимдерди тигүүгө өткөн.

"Улуттук үлгүдөгү кийимдер калып калат деп чочулбайт экенсиң. Себеби, этностилдеги кийимдерди бата той, кыз узатуу, үйлөнүү той дегендерге жакшы алышат", — дейт ал.

2014-жылдан баштап Экономика министрлиги тарабынан республика боюнча "Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү" долбоору иштеп келет. Анын негизги максаты ишкер айымдардын финансы кызматына болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен айыл жергеси жана кичи шаарлардагы айымдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. 

© фото предоставлено Каныкей Козубаевой2014-жылдан баштап Экономика министрлиги тарабынан республика боюнча "Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү" долбоору иштеп келет
1/3
2014-жылдан баштап Экономика министрлиги тарабынан республика боюнча "Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү" долбоору иштеп келет
© фото предоставлено Каныкей КозубаевойАнын негизги максаты ишкер айымдардын финансы кызматына болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен...
2/3
Анын негизги максаты ишкер айымдардын финансы кызматына болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен...
© фото предоставлено Каныкей Козубаевой...айыл жергеси жана кичи шаарлардагы айымдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3/3
...айыл жергеси жана кичи шаарлардагы айымдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
1/3
2014-жылдан баштап Экономика министрлиги тарабынан республика боюнча "Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү" долбоору иштеп келет
2/3
Анын негизги максаты ишкер айымдардын финансы кызматына болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен...
3/3
...айыл жергеси жана кичи шаарлардагы айымдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Эки кыз, эки уулдун энеси учурда өзүнүн чакан цехин жолдошу менен чогуу иштетип келет. Күйөөсү мурда терминалда иштечү. Аны ишинен кыскартып, жумуш жок калганда үй-бүлөлүк чакан бизнеске үй-бүлө баш оту менен киришкен. Азыр жолдошу цехте бычмачынын милдетин аткарат.

Кыргыздын кийиз буюмдары Японияны багындырууда
Каныкей айым алгач кийимдерди тигип, базардагы соодагерлерге өткөрүп келген. Бирок, сатылган кийимдердин акчасын кээси маалында бербей убаракерчилик тарттырган. Андыктан базардан өзүнүн соода ордун алууну чечип, Ош шаарындагы базарлардын биринен контейнер сатып алган.

Козубаева айымдарга ишкердик менен алектенүү оор экенин өз сөзүндө белгилеп өттү. Себеби, үй-бүлө менен бизнести бирдей алып кетүү чоң тажрыйбаны жана мээнетти талап кылат.

"Чакан бизнести баштаганда бир топ кыйынчылыктар болду. Кайсыл товарды эл көп сатып алат, кандай кездемелерден тигилген кийимдерге суроо-талап көп болорун билүү кыйын экен. Убакыт өткөн сайын ары-бери урунуп атып, тажрыйба топтойт экенсиң. Ишкердикке жаңы киришип аткан кыз-келиндерге эки жакка чыгып, башка жерлерди көргүлө дейт элем. Себеби, көп окуган эмес, көптү көргөн билет деген чын экен", — дейт ишкер айым.

Экономика министрлигинин "Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү" долбоорунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин 28ден 65ге чейинки жаш курактагы Кыргызстандын 193 микро-ишкер-айымы окуудан өттү. Алар финансылык сабаттуулук, бизнес-пландоо сыяктуу ыкмаларды үйрөнүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0