БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын футболчуларынын жубайлары балдары менен фотосессияга катышканын Футбол федерациясы билдирди.
"Атаңды колдо" долбоорунун алкагында футболчулардын жубайлары күйөөлөрүнүн номери түшүрүлгөн футболкаларды кийип сүрөткө түшүштү.
"Муну менен алар кыргызстандык футболчулардын Австралия (12-ноябрь, Канберра) жана Иордания (17-ноябрь, Бишкек) менен беттешүүсүнүн алдында кайрат-дем берет", — деп билдирди федерация.
Иш-чарага дарбазачы Павел Матяш, жарым коргоочу Антон Землянухин, чабуулчу Илдар Амров, коргоочу Вадим Харченко жана Павел Сидоренконун үй-бүлөсү катышты.