БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен мурунку президент Курманбек Бакиев "Боль, любовь и надежда: Мой Кыргызстан" аттуу китебинин бет ачарын өткөрөт.
Китеп Минск шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.00дө (Бишкек убактысы боюнча саат 19.00) маалымат жыйында тааныштырылат.
Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель айындагы элдик революциядан кийин Кыргызстандан качып кеткен. Нааразы болуп аянтка чыккан эл менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышуудан 7-апрелде 77 адам каза болуп, 400дөн ашууну жарадар болгон.