БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча качкын кылмышкердин бири Азамат Мусуралиев "Дордой" жаңы конушунда изделип жатканын ИИМ билдирди.
Качып кеткендер "Дордой" базары жакта жашынып жатканы боюнча ыкчам маалымат түндө келип түшкөнүн ИИМ буга чейин билдирген. Алардын бирөө – Данияр Кадыралиев "Дордой-1" жаңы конушунан жок кылынган болчу. Укук коргоо органдары кылмышкерлерди табуу үчүн "Энесай" жаңы конушун тинтүүдө.
Укук коргоо органдары буга чейин Ботаникалык бакта кылмышкерлер жашынып жатат деген маалыматты текшерип, бул жерди да тинтишкен. Бирок эч ким табылган эмес.
ИИМ качып жүргөн кылмышкерлердин жашынган жерин билгендер болсо, милицияга кабарлап коюуну элден суранат. Мындай маалымат берген жарандар үчүн УКМК 300 миң сом сыйлык бере турганын да билдирген.