Төртөөнүн бири Данияр Кадыралиев "Дордой-1" колго түшүрүү маалында каршылык көрсөтүп өлтүрүлгөн.
Укук коргоо органдары кылмышкерлерди издеп, "Энесай" жаңы конушун тинтүүгө алды. Ар бир көчө, үй, унаа көз жаздымда калган жок.
Жаңы конуштагы №21 орто мектепте сабактар уланууда, окуу жай милициянын көзөмөлүндө.
Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Ооруканага жеткирилген ал кызматкер бүгүн түнү эсине келбестен каза болду.
Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө из жашырганга үлгүргөн. Иликтөө иштеринин аркасында бүгүн анын бири атып өлтүрүлдү.
УКМК кылмышкерлердин жайгашкан жери тууралуу так маалымат берген жаранга 300 миң сом өлчөмүндө каражат бере турганын билдирген.

Милиция качкан кылмышкерлерди "Энесай" жаңы конушунан издөөдө. Качкындардын бири бүгүн кармоо учурунда жок кылынган

Милиция кызматкерлерине жардам берүү үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү да тартылган

ИИМ кызматкерлери жаңы конуштун жыртык-тешигине чейин тинтип жүрүшөт

"Энесай" жаңы конушунун тургуну

Жаңы конушта кинологдор да иш алып барууда

Издөө иштерине унаа катары аттар да тартылган

Жаңы конуштагы ар бир үй текшерилип жатат

Милиция кызматкерлери жашоочулар менен сүйлөшүүдө

Жаңы конуштун бардык аймагы курчоого алынды. Милиция эч кимди киргизбей-чыгарбай жатат

Кылмышкерлер "Дордой" базарынын айланасында жүрөт деген маалымат милицияга түндө түшкөн. Ошондон бери издөө иштери жүрүп жатат

Милициянын старшинасы сарайды тинтип чыкты. Колунда тапанча

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматкерлерди аркы өйүздөн издөө үчүн суудан кечип өтүүдө

Милиция кызматкери тинтүү учурунда

Милиция "Энесай" жаңы конушунда камыш ичин да аралап чыкты

Кылмышкерлердин жайгашкан жери тууралуу так маалымат берген жаранга 300 миң сом каралган