Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймагында кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКарга малынган дарактар. Архив
Карга малынган дарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаай турган карга байланыштуу бийик тоолуу аймактардагы автожолдор тайгалак болорун Кыргызгидромет эскертет.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Андан сырткары, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарына кар түшөт.

Кардан улам бийик тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0