00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Женщина, меняющая мир»: Галина Кетова о вдохновляющих историях силы и ответственности
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:07
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Лавров: Батыш БУУнун башчылыгы астында ИМге каршы коалиция түзүүдөн качууда

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин тышкы иштер министринин айтымында, батыштагы өнөктөштөр расмий эмес жолугушууларда Россия тарабынан сунушталган БУУнун башчылыгы астында коалиция түзүү долбоору туура экенин, бирок бул маселе боюнча кызматташа албастыгын билдирүүдө.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Батыш өлкөлөр саясий көз караштарына байланыштуу кызматташуудан баш тартып, "Ислам мамлекети" террористик тобуна каршы коалиция түзүү жөнүндө маселени Россия менен олуттуу талкуулагандан оолактап жатканын РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Лавров эске салгандай, Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары өткөн айда тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде террордук коркунучка каршы күрөшкө арналган отурум өткөргөн эле. 

"Ал отурумдун жыйынтыктары боюнча биз азыр кеп кылып жаткан Коопсуздук кеңештин башчылыгы астында коалиция түзүүгө багытталган резолюция долбоорун киргизгенбиз. Ал БУУнун Уставынын, Коопсуздук кеңештин чечимдеринин негизинде, аскер аракеттери аймагында жүрө турган өлкөлөрдүн макулдугу менен жана мындай өз ара жөндөштүрүлгөн иштин жүрүшү тууралуу Коопсуздук кеңешке үзгүлтүксүз маалымат берип туруу аркылуу ишке ашырылмак", — деди министр НТВ телеканалына берген маегинде.

Ал мындай көз караш менен талашып-тартышуу өтө кыйын, "бирок биздин батыш өнөктөштөрүбүз расмий эмес жолугушууларда долбоордо баары туура жазылганына карабай, бул маселе боюнча кызматташа албай турганын билдирип, азырынча олуттуу талкуудан оолактап жатышат" деп кошумчалады.

"Ал эми саясий көз караштары кайсылар дейсиздер? Ирак өкмөтү сураган соң, Ирактагы террористер менен күрөшү үчүн легитимдүү, бирок Сирияда ошондой эле иш алып баруу укугу жок коалиция түзүлүп калган. Болгону эле ушул. Ошон үчүн бизге эч кандай Коопсуздук кеңешинни кереги жок, өзүбүз эле чечип алабыз деп жатышат. Кеңеште болсо Россия, Кытай, Венесуэла жана дайыма эле башын ийип баарына макул боло бербеген дагы башка өлкөлөр бар да. Мунун арты жакшы болбойт", — деди Лавров.

"Ислам мамлекети" уюму дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0