БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качкан кылмышкерлерден жабыркаган кызматкердин абалы абдан оор экенин Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
12-октябрга караган түнү тогуз кылмышкер түрмөдөн качып, ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөсүн жарадар кылышкан. Учурда анын бешөө кармалып, төртөөнү издөө иштерине бардык күч түзүмдөрү тартылган.
Маалыматка ылайык, Чүй облустук ооруканага 12-октябрь күнү түнкү саат экиде түшкөн 53 жаштагы кызматкердин абалы оор бойдон калып, божомол да көңүл жылытарлык эмес.
"Жабырлануучунун баш сөөктөрү сынып, мээсине доо кеткен. Мындан тышкары, кан көп жоготкондуктан, анемия дарты аныкталды. Учурда ал эсине келе элек, дарыгерлердин дыкат кароосунда", — деп айтылат билдирүүдө.
Саламаттык сактоо министрлиги жабырлануучуга керектүү дары-дармек жана медициналык каражаттар жетиштүү экенин белгилейт.