БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Түндө Нижний Нооруз айылындагы №50 колониядан качкан тогуз кишинин баардыгы өзгөчө оор кылмыш менен отургандар болгон жана алардын калгандарын кармоо иштери боюнча бардык күч түзүмдөрү иштеп жатат. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.
Качып чыккан кылмышкерлер аталган мекеменин үч кызматкерин өлтүргөн.
Качкан кылмышкерлердин бешөө кармалгандыгын ИИМ өкүлү тастыктады.
"Алардын төртөөнү издөө иштери учурда улантылып, өлкөнүн бардык күч түзүмдөрү тартылды", — деп билдирди Осмонбаев.
Окуя түнкү саат 11-октябрда түнкү 12.00лер чамасында болгон.