БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2014-жылы акча алмаштыруу жайларынын жүгүртүүсү 97 миллиард сомду түзгөнүн Улуттук банк билдирди.
Анын натыйжасында лицензияланган акча алмаштыруу жайлары чет элдик валютаны сатуунун көлөмүн жана чыныгы кирешесин жаап-жашырганы белгилүү болду.
Улуттук банк рынок мыйзамдарына ылайык, бардык коммерциялык ишканалар кирешелүү болушу керектигин, болбосо ишмердүүлүгүн токтотушу керектигин белгилейт.
"Иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 243 акча алмаштыруу жайларынын 41и 2013-жылы, ал эми дагы 96сы былтыр эле жабылышы керек болчу. Бирок, алар ишмердүүлүгүн улантышууда. Бул отчеттук маалыматтардын туура эмес берилишинен жана кирешени жасалма азайтуудан улам келип чыгууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, бир катар акча алмаштыруу жайлары кассалык тартипти сактабай, текшерүүгө тоскоолдук жаратып келет. Иликтөөнүн жыйынтыгы айрым жайларда кайда келгени белгисиз эсеби алынбаган нак акча табылган.
"Бир сөз менен айтканда акча алмаштыруу жайларында көмүскө соода бар", — дейт Улуттук банк.
Улуттук банк иликтөө маалында "Альянс" акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясы банк менен иштешүүгө макулдугун бербегенин баса белгилейт.