Анкарада 30 адамдын өмүрүн алып кеткен жардырууга байланыштуу Эрдоган борборго кайтып келди

© REUTERS / TUMAY BERKINТүркиянын борбор калаасындагы жардыруу.
Түркиянын борбор калаасындагы жардыруу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Стамбулга болгон үч күндүк иш сапарын токтотуп, Анкарага келди. Буга чейин өлкөнүн премьер-министри коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйынын өткөргөнү маалымдалган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Түркиянын борбор калаасында болгон жардырууга байланыштуу  өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган иш сапарын токтотуп, Анкарага кайтып келгенин NTV телеканалы президенттин администрациясына таянуу менен билдирди.

Түркияда эртең менен болгон болгон жардыруудан 120 киши жаракат алып, өлгөндөрдүн саны 30га жеткенин ИИМ белгилейт.

"Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок", — деп билдирди КР Түркиядагы элчилиги.

Ишемби күнү эртең менен профсоюз жана коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган митингдин катышуучулары асма жолдон өтүп бара жатканда эки ири жардыруу болгон.

Кабулдагы афган аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кабулдагы жардыруудан төрт адам жаракат алды
Нааразылык акциясы "Эмгек, тынчтык, демократия" урааны алдында өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагындагы түрк-күрд пикир келишпестиктердин негизинде пайда болгон зомбулукка каршы өтүп жаткан.

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Анкарадагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу коопсуздук кеңештин шашылыш жыйынын өткөргөн.

Буга чейин Рейтер агенттиги жардыруу терракт катары бааланганын маалымдаган.

NTV телеканалы күбөлөргө таянуу менен Анкарадагы жардырууларды жан кечтилер жасашы мүмкүн экенин билдирген. Учурда бийлик бул маалыматтын чын-төгүнүн тактоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0