БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Казакстанга чек арадагы тосмодон секирип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында 39 жаштагы Кыргызстандын туруну "Чалдыбар-автодорожный" өткөрүү пунктунан көзөмөлдөн тыш тосмодон секирип бара жатканда колго түшүрүлгөн.
Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган адам укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.