БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 23 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында төрт, Жалал-Абадда беш, Чүй облусунда үч, Нарында бир, Талас жана Ош облустарында экиден өрт катталган.
Бактыга жараша? өрт кырсыгынан адам өмүрү кыйылган эмес.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы Сымкат айылында 4 жаштагы кичинекей баланын шоктугунан 15 боо отун күйүп кеткен.