БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Токтогул районунун Чычкан капчыгайында "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен бир адам жабыркаганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 2015-жылдын 5-октябрында саат 08:30 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 221-чакырымында катталган. Айдоочу Чыңгыз Бороновдун жанында жубайы Гүлкайыр Таирова болгон, анын колу сынганы белгилүү болду.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.