БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Башка бирөөнүн паспорту менен кыргыз-казак чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-октябрь күнү "Токмок-автодорожный" өткөрүү пунктунун чек арачылары текшерүү учурунда Казакстанга бара жаткан 23 жаштагы жарандын паспорту бөлөк адамга тиешелүү экенин аныкташкан.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин аталган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.