БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган казакстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кайнар айылынын четинен Казакстандан Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракет кылган адам колго түшкөн.
Текшерүү учурунда анын аты-жөнүн тастыктаган эч кандай документ болгон эмес.
Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин иштин чоо-жайын аныктоо үчүн казакстандык жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлдү.