БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-сентябрга караган түнү күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болгон. Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашкан.
Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Карамык жана Шибээ айылдарында күчү 2,5 – 3 баллдык жер титирөө сезилди.
Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар катталган жок.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот