БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Кыштут аймагында мылтык үнү жаңырып, чек арачылар аталган жерди изилдөөгө алганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аймактагы Өрүк кыштоосунда 24-сентябрда болжол менен 23.00дө мылтыктын эки жолу атылганы угулган. Окуя болгон жерге чек арачылар тартылып, аймакты текшерүүдө күмөндүү эч нерсе табылган эмес.
Алдын ала маалымат боюнча, мылтыкты жергиликтүү мергенчилер атышы мүмкүн экени айтылууда.