БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынын ачылышы менен Казакстандан контрабандалык жол менен келген товарлардын жана күйүүчү майдын көлөмү көбөйгөнүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов билдирди.
Осмонов үстүбүздөгү сегиз айдын ичиндеги аткарган иши тууралуу маалымат берип, Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийин Бажы кызматынын айрым функциялары Салык кызматына өткөрүлүп берилгенин белгиледи.
"Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы менен баары эле келип өз ыктыяры менен салык тапшыруусу күмөн. Мындан тышкары, Казакстандан контрабандалык жол менен келген товарлардын жана күйүүчү майдын көлөмү көбөйгөнү байкалууда", — деди Осмонов.
Анын айтымында, учурда Салык кызматы өкмөт менен биргеликте тобокелчиликтердин санын кыскартуу боюнча иш-чаралардын планы иштелүүдө.
"Биримдикке кошулуунун алгачкы мезгилиндеги жоготуулардын ордун мамлекеттин салык саясатын оптимизациялоонун эсебинен гана толтурууга болот. Мунун бирден бир куралы болуп электрондук эсеп-фактуралардын киргизилиши эсептелет", — деди жетекчи.
Осмонов салык системасын жакшыртуу үчүн кызматтын финансы полициясы сыяктуу башка мекемелер жана тармактык бизнес-ассоциациялары менен кызматташуусу керек экенин белгиледи. Анын айтымында, зарыл болсо Салык кызматы өз структурасын кайра карап чыгууга даяр.
"Кошумча функциялар Салык кызматынын ишин оорлотот. Мында 400дөй кошумча кызматкер талап кылынат", — деди башкы салычы.
Мындан улам аталган фонд кадр жетишсиздигин жана кошумча ресурс зарылдын өз сунуштарына кошо турганын белгиледи.