БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кытайдын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы беш күнгө жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Курман айт жана Кытайдын улуттук майрамынан улам чек аранын "Торугарт-автодорожный" жана "Иркештам-автодорожный" өткөрүү пункттары 2015-жылдын 24-28-сентябрь күндөрү жабылат.
Көзөмөл пукттарынын иши кайра 29-сентябрь күнү жанданат.