Чуулгандуу "ИИМдеги Бауржан" видеосунун баш каарманы абакка камалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАбак кызматкери эшик жаап жатат. Архив
Абак кызматкери эшик жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мас абалында машина айдаган айдоочуга карата административдик протокол түзүлгөн, ага ылайык, ал күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылмак.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "ИИМдеги Бауржан" тууралуу чуулгандуу видеонун каарманы Ринат Букарбаев тергөө абагына алынганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Бир жума мурун социалдык тармактарда мас абалындагы айдоочунун Жол кайгуул милициясынын коопсуздук кызматынын инспекторлорун сөгүп-кагып, кармагандары үчүн "ИИМдеги Бауржан" менен коркутканы тартылган видео пайда болгон. Айдоочу менен жүргүнчү интернетте "алтын муун" деп аталып калды.

Айдоочулук күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
"ИИМдеги Бауржан" тууралуу видеонун каарманы айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн
Айдоочуну республикалык наркология борборуна алып баргандан кийин анын мас экени аныкталган. Бул боюнча 238-берененин негизинде административдик протокол түзүлгөн.

Ал арада шейшемби күнү кармоо учурунда Букарбаевдин каршылык көрсөтүү факты Свердлов РИИБде катталып, мындан улам бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгону белгилүү болду. 

21-сентябрда Свердлов райондук соту Букарбаевдин баш коргоо чарасы катары бир айга тергөө абагына алуу чечимин кабыл алган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0