ММА JFC чемпиону наамы үчүн супер таймаш кыргызстандык мушкер Замирбек Сыргабаевдин жеңиши менен аяктады.
Jash Kuch Fighting Championship (JFC) клубу ишембиде MMA боюнча Бишкектечемпионат өткөрдү. Башкы кармаш америкалык MMA боюнча чемпион Жефф Монсон менен кыргызстандык Замирбек Сыргабаевдин ортосунда болду. Акыркысы, анан калса, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты.
Бардыгы болуп чемпионаттын алкаганда 11 рейтингдик беттешүү жана эки супер таймаш өтүп, аларда Кыргызстандын спорт чеберлери АКШ, Бразилия, Россия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстана жана Тажикстан өлкөлөрүнөн келген атаандаштары менен кармашты.

Рингде азырынча таза, кандын издери жок...

Кыргызстандык Улугбек Садиков жеңип чыккан биринчи таймаш бүтүндөй чемпионатка дем бергендей болду

Тажик мушкери Фируз Абдулоев катуу соккудан кийин өзүнө келип жаткан учуру

Күндүн салкын экенине карабай, сегиз бурчтуктун ичи баары бир ысык

Атаандашына урулган сокку абаны жиреп кетти...

Россиялык Павел Харламов кыргызстандык Немат Абдрашитов менен таймашта

Канчалык көп муштум жесең, ооруну ошончолук аз сезе баштайсың

Премьер Темир Сариев рингге чыгып келип, кыргызстандык спортчу Тилек Батыровду жеңүүчү деп жарыялады.

Бразилиялык күчтүү атаандаш Траторду таймаштан кийин көрүүчүлөр "Трактор" деп атап алышты

Эки спортчу үчүн эң оор таймаш тең упай менен бүттү

Жефф Монсон рингге Виктор Цойдун "Хотим перемен" аталыштагы ырынын коштоосунда чыкты

Замирбек Сыргабаевдин жүзүнөн таймаштын башынан аягына чейин эч бир сезимди аңдап-билүүгө болбоду.

Ал тургай, Монсондун аркасында чегип тартылган кыз Замирбек Сыргабаевдин сок билектей колунан буйтай качкысы келгендей таасир калтырды

Кыргызстандагы кылым таймашы учурунда раунддардын ортосундагы тыныгуу

Акыркы раунддун бүтөрүнө дагы бир мүнөт бар

Кыргызстандык депутат менен жолуккандан кийинки америкалык мушкер Монсондун канжалаган жүзү

Жеңиш!!!