Тажикстандын Башкы прокуратурасы Назарзоданын 13 таламдашына айып койду

© flickr.com / Chris PriceГород Душанбе.
Город Душанбе. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айып Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын активисттерине үч берене: экстремисттик идеяларды жайылтуу, кылмыштуу топторду уюштуруу жана терроризм боюнча коюлат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын кармалган 13 активистине он күн аралыгында айып койгону жатат деп билдирди Башкы прокуратуранын өкүлү РИА Новости агенттигине.

"Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө бул кармалгандар коргоо министринин мурдагы орун басары Назарзоданын тобуна тийиши бар экенине ишеничтүү далилдер табылды. Ислам карйа жаралуу партиясынын 13 активистине, анын ичинде уюмдун төрагасынын үч орун басары Саидумар Хусайниге, Вохидхон Косиддиновго жана Махмадали Хаитке Кылмыш жаза кодексинин куру дегенде үч беренеси боюнча айып коюлат", — деп билдирген маалымат булагы.

Агенттиктин маектеши кармалгандар үчүн 307-экстремисттик идеяларды жайылтуу, 187-кылмыштуу топту уюмштуруу жана 179-терроризм беренелери каралып жатканын айткан.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы ошондой эле Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясын террористтик жана экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизүүнү пландап жатат жана азыр тийиштүү документтер даярдалууда.

Өз кезегинде аталган партиянын төрагасы Мухиддин Кабириге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялоо үчүн тийиштүү документтерди даярдаган. Кабири үстүбүздөгү жылдын мартында өткөн парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен болчу. 

4-сентябрда Тажикстанда милиция кызматкерлерине эки кол салуу болуп, анын натыйжасында тогуз укук коргоо кызматкери курман болуп, ондон ашыгы түрдүү жаракаттарды алган. Бийлик бул кол салуулар үчүн жоопкерчиликти өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода баштаган куралдуу топко жүктөгөн. Бийликтин маалыматына ылайык, генерал үч аскер бөлүгүнөн көп сандагы курал-жарак, ок-дарыларды тартып алып, Душанбеден КамАЗ маркасындагы үч машина менен чыгарып кеткен.

Кол салуулардан кийин ошол эле күнү топту жок кылуу үчүн терроризмге каршы операция жүргүзүү боюнча ыкчам аракеттеги штаб түзүлгөн. ИИМ берген акыркы маалыматтарга ылайык, 12 күнгө созулган операциянын жүрүшүндө куралдуу топтун 27 катышуучусу жок кылынып, дагы 139у колго түшкөн. Алардын 100үнө каршы кылмыш иши козголду. 

Операциянын жүрүшүндө өкмөттүк күчтөрдүн 14 жоокери каза таап, ондон ашыгы жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0