БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Аламүдүн районунун Восток айылындагы суу сактоочу чуңкурга 66 жаштагы А.Цой аттуу Бишкектин тургуну чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында болгон.
Болжол менен саат 9.15те куткаруучулар окуя болгон жерге барып, Цойдун жансыз денесин чуңкурдан чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.