Кыргызстандыктар үчүн кадимки көрүнүш болгон нерселерди чет элдиктердин көзү менен көрүңүз.
Малайзиялыктын айтымында, Кыргызстан — экзотикалык өлкө.
"Малайзиялыктар деңиз жээктеринде жашайт, а бул жерде болсо көз жоосун алган ушундай ажайып кооз жаратылыш, тоолуу катаал шарттар, климаттын кескиндиги, эң башкысы, байыртан сакталып калган үрп-адат жана заманбап көз караштарга чырмалышкан бөтөнчө бир салттар бар экен. Мына ушунун баары чыныгы экзотика", — дейт Хузайма.
Саякатчы өзүнүн кыргыз жеринде баскан жолу, көргөн-билгени жөнүндө даректүү тасма тарткан. Малайзия менен Сингапурдун улуттук каналдарынан көрсөтүлө турган он бир серия Кыргызстандын тоолору, ат минүү, кыргыз элинин каада-салты, улуттук оюндары жана маданияты жөнүндө айтып берет.

1/10
© Zahariz Khuzaimah
Бир жыл бою ат менен саякаттаган малайзиялык жаныбарларга аяр мамиле кылып калды

2/10
© предоставлено Zahariz Khuzaimah
Саякатчы баарын кадимки эле Canon 5D фотоаппаратына жана Black Magic камерасына тартат

3/10
© Фото / Zahariz Khuzaimah
Кыргызстандын табияты демге-дем бере турган ушунчалык ажайып экенин Хузайма кайра-кайра айткандан чарчабайт

4/10
© Zahariz Khuzaimah
Малайзиялыктар деңиз жээгинде жашай турганын, ал жакта мындай көркөм тоолор менен көлдөр жоктугун саякатчы белгилейт

5/10
© Фото / Zahariz Khuzaimah
Соң-Көл малайзиялыкты өзүнүн тунуктугу менен суктандырды

6/10
© Zahariz Khuzaimah
Мүнүшкөрлүк өнөрүнө Хузайма өз тасмасынын бүтүн бир сериясын арнаган

7/10
© Zahariz Khuzaimah
Кайталангыс кадрларга жетиш үчүн бүркүткө кичинекей камера тагып коюшкан

8/10
© Zahariz Khuzaimah
Кыргыз улуттук оюндары саякатчыга абдан жакты. Көк бөрүдөгү улак тартыш

9/10
© Zahariz Khuzaimah
Ала-Тоодогу күндүн батышы

10/10
© Zahariz Khuzaimah
Баарын өз көзү менен көргөн малайзиялык жигит кыргыз маданиятынын жана көчмөн турмуштун терең философиясын берүүгө аракет кылган. Түнкү тоонун көрүнүш.