00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
1 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Такие универсальные куклы: друг для взрослого, элемент коллекции или украшение на елку
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Рыноктогу адилеттүү атаандаштык: Монополияга каршы кызматтын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү
09:05
51 мин
On air
09:56
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Тема дня
Экономические итоги года в Кыргызстане — рекордный рост ВВП и борьба с коррупцией
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаш кадрларга көмөк – ветеринарларды колдогон атайын долбоор ишке кирип жатат
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ унаа уурдоо, жол кырсыгы жана андан көз жумгандардын көбөйүшүнө Бабановду күнөөлөйт

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКыргыз республикасынын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов. Архив
Кыргыз республикасынын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги экс-премьер-министр шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда Жол кайгуул кызматынын иши тууралуу терс пикирин айтып, мекеменин аброюна шек келтирди деп эсептейт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлиги унаа уурдоо, жол кырсыгы жана андан каза тапкандардын саны көбөйүп жатышына саясий ишмер Өмүрбек Бабановду күнөөлүү деп эсептейт. 

Президенттин аппараты Ташиевдин айткандарын "ыплас ыкма" деп атады
Маалыматка ылайык, үгүт иштери учурунда талапкер укук коргоо органдарынын иши тууралуу мекеменин кадырына шек келтирчү такталбаган маалыматтарды таратууда.

Министрлик "Республика – Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып, "эгер инспекторлор чогултулган айып пулду өлкө казынасына төксө, киреше көлөмү кыйла жогору болмок" деп айткан.

"Мында жылына бир миллиард сом деп Бабанов апыртмалуу сандарды келтирди. Шайлоо алдында жеке кадыр-баркы үчүн укук коргоо органдарынын ишин жокко чыгарган сөздөр көп айтылганы өкүнүчтүү", — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ өкмөттүн башында Бабанов турганда милдеттүү документтердин катарынан ишеним кат, техникалык кароо жана Жол кайгуул кызматынын стационардык посттору алып салынганын эскертет. 

"Мындан улам 2012-жылы болгон жол кырсыгы андан бир жыл мурункуга караганда 20,6 пайызга өскөн, кырсыктын кесепетинен жабыркаган жана каза тапкандар көбөйгөн. Ишеним каттын жоюлушу менен унааларды издөө кыйындап, авто уурдоо көбөйгөн. Милдеттүү түрдө техникалык текшерүүнүн алынышы салык көлөмүнүн азайышына алып келген. Мындан тышкары, жол кырсыгы арбыган," — дейт министрлик. 

Ички иштер министрлиги жарандардын укугун коргоп, саясаттан тыш болуп келгенин белгилейт. Ушуга байланыштуу үгүт иштери убагында саясий партияларга милицияны саясий оюндарга аралаштырбоону эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0