БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын түштүк аймактагы бөлүмү кечээтен тарта Ош шаарында жана бир катар райондордо экстремисттик, террористтик көрүнүштөргө каршы кезектеги түшүндүрүү иштерин баштады.
"Бүгүн иш-чаралар Араванда андан кийин, Кара-Суу районунда уланат. Негизги көңүл жаштарга, диний коомчулуктун өкүлдөрүнө, жергиликтүү жашоочуларга бурулуп жатат", — деди Ош облустук ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.
Экстремизмдин, терроризмдин кооптуу экендигин элге укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин жана облустук казыяттын өкүлдөрү түшүндүрүп жатат.