БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жарандык абал актыларын жана калкты каттоо департаментинин мурунку жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевге издөө жарыялады.
Өткөн аптада Сатыбалдиевдин "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкерлиги коюлуп жатканына байланыштуу премьер-министр Темир Сариев аны ээлеген кызматынан бошоткон. Партиянын тизмесинде Сатыбалдиев 64-орунда турат.
ИИМдин маалыматы боюнча, Сатыбалдиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.