Америкалыктардын жарымынан көбү (53%), немистердин дээрлик жарымы (49%) да саясатчылар менен ири бизнес ЖМКларда маалыматтардын объективдүү чагылдырылышына таасир кылат деген ишеничте. Өз өлкөсүндө ЖМКлардын объективдүүлүгүнөн баарынан аз шек санагандар Улуу Британияда (43%), бирок бул жерде суроого жооп бере албагандардын саны баарынан жогору (24%) болуп чыккан.
Сурамжылоо Sputnik.Пикир (Sputnik.Polls) долбоорунун алкагында ICM Research компаниясы тарабынан Sputnik агенттиги үчүн 2015-жылдын 1-4-майында жүргүзүлгөн. Изилдөөгө 8243 адам (Улуу Британияда 2005, Францияда 1041, Германияда 1050, Испанияда 1051, Италияда 1049, АКШда 2047) катышкан.
Сурамжылоого тандалып алынгандар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет.
Ишенимдүүлүктүн 95% мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1%ды түзөт.