БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Махатма Ганди көчөсүнүн Көкчөтоодон ("Баят" базары) Пригородный көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоого жабыла турганын Бишкек мэриясы билдирет.
Буга чейин аталган көчөнүн Жибек Жолу проспектисинен Көкчөтоо көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолгон.
Маалыматка ылайык, унаа убактылуу жанаша жайгашкан көчөлөр аркылуу жүрүп турат. Реконструкциялоо иштери августтун аягына чейин уланат.