БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ново-Пакровка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Жаныбек уулу Азиздин денеси табылганын ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, алты күндөн бери изделип жаткан жаран Ысык-Көлдүн тургуну болгон. 23-август күнү саат 12.23тө суучулдар сөөктү Чоң Чүй каналынан алып чыгып, Ысык-Ата РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген 14 жаштагы кызды куткарып, өзү сууга агып кеткен Памир Исмаевдин денесин издөө иштери улантылууда.