БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына 16 жаштагы Жаныбек уулу Азим чөгүп кеткенин ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык 18-август күнү болжол менен саат 16.40та болгон. Чөгүп кеткен жаран Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну экени аныкталды. Издөө иштерине куткаруучулар тартылды, азырынча эч жыйынтык жок.
Ошол эле күнү Ош шаарынын Увам каналынан чөгүп кеткен 35-40 жаштагы азиялык улуттагы адамдын сөөгү табылган.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү Ак-Буура аймактык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда аты-жөнү такталууда.