Маматалиев: Жаза аткаруу кызматындагы кемчиликтер мурунку жетекчинин күнөөсү

Жазылуу
Маматалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ишин жетишерлик эмес деп баалап, мурдагы жетекчи тарабынан ишти алып барууда бир топ калпыстыктар кетирилди деди.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловдун Пенитенциардык системаны жакшыртуу жаатында 2012-2016-жылдар үчүн каралган Улуттук стратегия боюнча отчетун укту. Аны аткаруудагы бир топ иш-чаралар кечигип жасалгандыгын айткан вице-премьер-министр, бул мурдагы жетекчинин кемчилиги деп баалады. 

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси жаңы келгендигин эске алсак, Пенитенциардык системаны жакшыртуу жаатында 2012-2016-жылдар үчүн Улуттук стратегияда каралган иштердин аткарылбай калышы мурдагы жетекчинин кемчилиги", — деди Маматалиев. 

Көзөмөлдөө жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абак жайлардын комплекси Ысык-Көлдө же Чүйдө курулушу мүмкүн
Муну менен катар, учурда абал татаал болгондуктан, бир нече иш-чараны өлкөнүн бюджети жана донордук уюмдар тарабынан каржылоо зарылдыгы айтылды. 

Талкуунун жыйынтыгында Маматалиев ведомствонун ишин жетишерлик эмес деп баалап, мурдагы жетекчи тарабынан ишти алып барууда бир топ калпыстыктар кетирилгендигин айтты. 

Вице-премьер-министр Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине аталган стратегияны өз учурунда аткаруу үчүн зарыл иштерди жасоону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0