Эркин Тентишев: мен "Кыргызстан" партиясына гана арыз бергем

Жазылуу
Шейшемби күнү Тентишев Эркин Саткынбаевичтин аты-жөнү "Ар-Намыс" жана "Кыргызстан" партияларынын алдын ала тизмесинде катталганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Мен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсүмүн, шайлоого ушул партиядан гана катышам деп депутаттыкка талапкер Эркин Тентишев  Sputnik агенттигине билдирди.

Шейшемби күнү Тентишевдин аты-жөнү "Ар-Намыс" жана "Кыргызстан" партияларынын алдын ала тизмесинде катталганы белгилүү болгон.

Анын айтымында, ал бир нече партиянын сунушун карап чыккан.

"Мен чынында "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов менен сүйлөшкөм. Бирок шайлоого "Кыргызстан" партиясы менен баруу чечимин кабыл алгам", — деди талапкер.

БШК, эгер бир эле талапкердин аты-жөнү бир нече партияда кездешсе, ал партиялар 48 сааттын ичинде съезд өткөрүп, тизмесин тактоого мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады. Эгер мындай аракет көрүлбөсө, партия шайлоого катышуу укугунан ажырайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0