Сариев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга тапшырма берди

Жазылуу
Чыр-чатак чыккан аймакта абалды турукташтыруу үчүн КР күч түзүмдөрүнүн бардык бөлүктөрү аталган аймакта жүрөт.

БИШКЕК,4-авг. — Sputnik. Темир Сариев Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалдан кабардар жана чатакты жөнгө салуу боюнча тапшырма берди. Бул туурасында өкмөт башчысынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

"Премьер-министр Темир Сариев Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, күч түзүмдөрүнүн облустук жетекчилеринен мезгил-мезгили менен маалымат алып, жагдайдан кабардар. Ошону менен катар, абалды жөнгө салуу боюнча тапшырмаларды берип жатат", — деп билдирди Асанов.

Чыр-чатак чыккан аймакта абалды турукташтыруу үчүн КР күч түзүмдөрүнүн бардык бөлүктөрү аталган аймакта жүрөт. Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн жумушту топ учуп кетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0