БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына алынганын Sputnik агенттигине Sky Mobile компаниясынын юристи Дмитрий Ветлугин билдирди.
Бишкек ШИИБ маалыматы боюнча, Клочко үстүдөгү жылдын февралында болгон жол кырсыгы боюнча шаршемби күнү кармалган.
Клочкого КРдин Административдик кодексинин 281-беренеси (Жол эрежесин бузуу) боюнча айып тагылган.