Түркиянын Сирияга жасаган соккусунан "Ислам мамлекетинин" 35 согушчаны өлдү

© REUTERS / Sertac KayarТуркиянын коргоо кызматкери. Архив
Туркиянын коргоо кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия өкмөтүнүн расмий билдирүүсүнө ылайык, F-16 үлгүсүндөгү үч учак саат 3.40 - 3.53 аралыгында Сирияда "Ислам мамлекетинин" согушчандары жайгашкан үч жерди жок кылышты. Бул Түркия Аскердик аба күчтөрүнүн Сириядагы террористтерге каршы жасаган биринчи аба соккусу.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун отуз беш согушкери Түркиянын Аскердик аба күчтөрүнүн Сирияда жүргүзгөн операциясы учурунда өлтүрүлдү.

Түркия өкмөтүнүн расмий түрдө F-16 үлгүсүндөгү үч учак саат 3.40 — 3.53 аралыгында лазерлүү мээлегичи бар бомбаларды колдонуу менен Сирияда "Ислам мамлекетинин" согушчандары жайгашкан үч жерди жок кылышты. Командалык эки борбор жана согушкелер чогулуучу жай кыйратылган. Бул Түркиянын аба мейкиндигинин чегинде туруп абадан урган биринчи соккусу. 

Стамбулда террорчуларга каршы 5 миң полиция ири рейд жасады
Бейшемби күнү Анкарада улуттук коопсуздук маселелери боюнча өлкөнүн премьер-министри Ахмет Давутоглунун төрагалыгы астында шашылыш кеңешме өткөн. Жыйын Суручтагы терактыдан кийин жана Сирияга чектеш аймакта түрк аскерлери менен ИМ согушкерлеринин куралдуу кагылыштарынын аркасында өлкөдө кырдаалдын кескин курчуп кетишине байланыштуу чакырылган.

"Ислам мамлекети" террористтик уюму бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң башкы коркунучтарынын бири болуп калууда. Үч жылда террорчулар Ирак менен Сириянын көпчүлүк бөлүктөрүн басып алган. Мындан тышкары, алар өз таасирин Түндүк Африка өлкөлөрүндө, атап айтканда, Ливияда жайылтуу аракетин көрүүдө. "ИМ" үстөмдүк кылган аймак 90 миң чарчы чакырымга жетет жана аларда террорчулар "Халифат" жарыялашып, өз мыйзамдарын орнотуп, өз бийлик органдарын дайындашкан. Экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн саны ар кандай маалыматтар боюнча 50 миңден 200 миңге чейин чукулдап барат.

"ИМге" каршы бирдиктүү күрөш фронту жок: топко каршы Сирия менен Ирактын мамлекеттик күчтөрү, АКШ башчылык кылган Эл аралык коалиция (азырынча абадан гана сокку уруу менен), күрддөр жана Ливан менен Ирактын шииттеринен турган ыктыярдуулар тобу күрөшүп жатат Согуш аракеттеринин натыйжасында миңдеген карапайым тургундар каза таап, бир нече миллиону качкынга айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0