БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "Сhina road and bridge corporation" компаниясынын башкы директору Лу Шанды кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирет.
Жолугушуу учурунда өлкө жетекчиси компания тарабынан Бишкек — Балыкчы — Казарман альтернативалуу жолунун, Бишкек — Нарын — Торугарт, Ош — Баткен —Исфана, Ош — Сары-Таш — Иркештам жолдорунун курулушу жана Бишкек көчөлөрүнүн реконструкцияланышы тууралуу маалымат менен таанышты.
Атамбаев "Сhina road and bridge corporation" компаниясынын өкүлдөрүнө сапаттуу иши үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташуунун ийгиликтүү болоруна ишеним артты.
Өлкө башчысы региондордун жана жалпы өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн унаа коридорлорунун курулушу жана ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашышы орчундуу мааниге ээ экенин белгилеп өттү.