БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан табигый кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү боюнча борбор түзөт, тийиштүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга Алмазбек Атамбаев кол койгон президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамга ылайык, КР тышкы иштер министрлигине жогоруда аталган макулдашуунун депозитарийине анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тараптан аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.